Ошто мамлекеттик тил күнүнө карата дин кызматкерлери жыйын өткөрдү

Кечээ,  26-сентябрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында ДИМК нын түшүк аймактык бөлүмү менен биргеликте мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өттү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, ДИМК нын түшүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош шаардык мериясынын тил боюнча адиси Амирбеков Зуур Жапарович, Ош МУнун Кыргыз тил филология факультетинин кондиданты доцент Нурмамат Турганбаев, казыят кызматкерлери, район имам хатибтери жана 30 дан ашуун имамдар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Самидин кары Атабаев  мамлекеттик тилдин зарылдыгына токтолуп, Аллах тааланын аяттарын мамлекеттик тилде  элге так даана  түшүндүрүү, мечиттерде мамлекеттик тилде жума баяндамаларын жасоо жана Кыргызстандын жаранымын деген баардык инсандар  мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн өз салымын кошуу керектигин баса белгиледи.