Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов окуучуларды убактысын туура пайдаланууга чакырды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов Бөкөнбаев айылынын “Шамей” орто мектебинде 8-9-класстардын окуучулары менен жолугушуп, аларды адептүүлүкө чакырып, Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда экенин, андыктан алар татыктуу билим алуу керектигин баса белгиледи.

“Бул иш-чаранын максаты, окуучуларга, экстремизм, терроризм, «Дин жана жашоо», «Арак жана зына», «Убакытты туура пайдалануу» аталыштарда таалим-тарбия сабагын өтүп, кенири маалымат берүү”  деп билдирди Таалайбек ажы.