Майлуу-Суу медициналык колледжинин студенттери үчүн тарбиялык лекция өтүлдү

Кечээ, 26-сентябрда Жалал-Абад облусунун  Майлуу-Суу шаардык маданият үйүндө Майлуу-Суу медициналык колледжинин студенттери үчүн лекция болуп өттү.

Лекцияга Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын үгүт-насаат, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Арпидин Жороев  ажы, Майлуу-Суу шаардык Аксакалдар кеңешинин төрагасы Шабданов Жолдош ажы, медициналык колледждин жетекчиси Зирекан Батырбекова , Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков  жана ата-энелер катышты.

Лекция учурунда Арпидин ажы студенттерди ата-энеге жакшылык кылууга, жардамга муктаждарга кайрымдуу болууга жана ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак жүрүүгө, суицидтен жана рекетизмден алыс болууга чакырды.

Жолугушуу учурунда студенттер казыят өкүлүнө кызыккан суроолорун берип, жооп алып алышты.