Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев окуучуларды максатты туура коюга чакырды

Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

Нарын шаардык жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү жана диний кызматкер катышкан бул семинарда кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган сабактар айтылып, Нарын казыяты тарабынан тартылып, даярдалган видеороликтер көрсөтүлдү.

Мектеп окуучуларын ынтымактуулукка, биримдүүлүккө, билимдүүүлүккө умутулууга чакырган бул иш-чаранын жүрүшүндө мектеп директору жана социалдык педагогдор да сөз сүйлөп, учурда тарбияга көбүрөөк көңүл буруу керектигин баса белгилешти.

«Ар бир окуучунун максаты, кыялы болуш керек. Ошол кыял окуучуну алдыга жетелейт. Кыял болмоюн ийгилик жаралбайт. Андыктан бардык окуучуларды кыялданууга, максат коюуга чакырам», — деди Кумар Орозалиев.