Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов Чолпон айылынын тургундары менен жолугушту 

Кечээ, 29-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов Чолпон айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда элди адеп-ахлактуулукка, ыйманга чакырып, маданият, дин туурасында баяндамасын жасады. Андан соң айыл имамын эл менен тыгыз байланышта иш алып барууга милдеттендирди.

“Бүгүнкү мамлекетибиздин эртеңки тагдыры жаштарыбыздын колунда. Андыктан жаштарыбызды, уул-кыздарыбызды ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялайлы. Эң биринчи өзүбүздөн баштайлы ошону менен үй-бүлөбүз, чөйрө, коомчулук тарбиялуу болот”,-деди Асантур ажы Абдрахманов.