Ош шаарындагы «Сайида Хадича» медресесинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленди

Ош шаардык мусулмандар казыяты мамлекеттик тилдин 30 жылдыгынын алкагында ДИМК жана Мамлекеттик тил комиссиясы менен биргеликте калаанын “Сайида Хадича” медресесинде маданий иш-чара уюштурду.

Иш-чарада студенттер макал-лакап, жаңылмач, ырлар жана туура эмес колдонулуп келе жаткан сөздөрдү айтышып, суроо жооп форматы менен жыйынтыкталды. Андан соң кыргыздын улуттук тамак-аш жана кийимдери боюнча көргөзмө конкурсу да болуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды.

ДИМК ТАБнын башчысы Исакбай Мурзабеков диний окуу жайдын студенттерине тил боюнча көптөгөн маалыматтар менен бөлүшүп, мамлекеттик тилдин өзгөчө диний окуу жайларда кеңири колдонулуусу максатка ылайык келе тургандыгын баса белгилеп өттү. Ал эми Ош шаардык мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Абдурахманов студенттерге “канча тил билсең, ошончо дил билесиң” дегендей көп тил билүүнүн зыяны жок экенин баса белгиледи.

Эскертүү кетсек, “Сайида Хадича” медресесинин мүдүрү Жанара Максутова жана анын орун басары Сахибахан Моминова кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон зор салымдары үчүн КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төш белгиси менен сыйланышты.