Бала-Саруу айылында кыргыздын улуттук оюндарын даңазалаган маараке өткөрүлдү

Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылында кыргыздын улуттук оюндарын даңазалоо максатында чоң маараке өттү. Мындай иш-чара жергиликтүү тургундардын демилгеси тарабынан уюштурулган.

Бул саамалыка облус казысы Таалайбек Бапиев ажы катышып, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортчуларга ийгилик каалап, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакырды.

Андан тышкары калың элге өзүнүн насаатын айтып, элди ынтымактуу, биримдиктүү болууга чакырып, улуттар аралык достукту чыңдоо керектигин кошумчалады.