Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев мектеп окуучуларына экстремизм жана терроризм тууралуу маалымат берди

Кечээ, 30-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы орто мектебинин мугалимдерине жана окуучуларына Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев экстремизм жана терроризм тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, соцтармак аркылуу жалган маалыматка ишенбөөгө, анын ичинде экстремисттик маалыматтар көп экенин биринчи аны тактоого чакырды.

Ал эми казынын орун басары Касым ажы Сыдыков жаштарды “дин жаатында толук маалыматы болсо жаман жактарга барбайт, себеби дин ар кандай жат көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөйт”,- деди ал.

Жыйындын сонунда мектеп директору Курманбек Мамбеталиев Талас облусунун Мусулмандар казыятына терең ыраазычылыган билдирип, мындан ары да мындай жыйындар, жолугушуулар болуп туруусу зарыл экендигин белгиледи.