Баткен облусунун казыяты окуучу балага кийим-кече, окуу куралын алып берди

Кечээ, 30-сентябрь күнү Баткен облустук мусулмандар казыяты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сунуш катынын негизинде Баткен районунун Кара-Токой айылынын тургуну 2-класстын окуучусуна жардам көрсөтүү максатында окуу кийими жана окуу куралдарын алып берди.

Кайрымдуулук жардамды казыят өкүлдөрү үйүнө алып барып, жеринде тапшырды.

Кайрымдуулук жардам алган окуучунун үй-бүлөсү иш-чара уюштургандарга ыраазычылыгын билдиришти.