Баткенде адам сатууга каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Баткен облусунун аймагындагы жума намазы окулган  мечиттерде адам сатууга каршы күрөшүүнү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Мындай иш-чара өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн адам сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин планын негизинде өткөрүп келет

Планга ылайык, мечит имамдары, дин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте элге, мектеп окуучуларына адам сатууга каршы маалымат берилүүдө.