Бакай-Ата районунун баш имам хатиби Сагынбайев Абдумажид мазхаб кармануунун зарылдыгы тууралуу баяндамасын жасады

Таластын Бакай-Ата районунун баш имам хатиби Сагынбайев Абдумажид Бакай-Ата айылынын “Сад ибн Аби Ваккас” мечитинин жамааты менен бешим намазынан кийин жолугушуу өткөрүп, салттуу ислам динибиздеги мазхаб кармануунун зарылдыгы тууралуу баяндама жасады.

Жолугушууда баш имам хатиби динибиздин баалуулуктарына токтолуп, жергиликтүү тургундарды ынтымака, биримдике чакырды.

Мындан тышкары айылдын имамына мечиттин тазалыгына өзгөчө маани берүүгө чакырды.