Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: «Карысы бардын – ырысы бар»

Урматтуу биздин сүйүктүү карыялар, аталар жана ак элечектүү апалар!

Сиздерди бүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карыялар күнү менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Элибиздебекеринен «Карысы бардын – ырысы бар», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деп айтылбаса керек. Ата-Эне улуу дөөлөт. «Эне» деген 3 тамгадан турган сөз эмне деген кереметти камтып турат. Эне – бул дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык теңдеши жок асылзат. Алардын көзү тирүүсүндө кадырлап, сыйлап бата, дубасын алып калалы. Ата-эненин тирүүсүндө, өзгөчө карыган мезгилде тез-тез кабар алып, кызматын кылып, жакшылап багалы.

Тилекке каршы арабызда уулунун урматын, кызынын кызматын көрөөрдө төрүнөн куулуп кароосуз кайыр сурап калган карыяларыбыз дагы бар. Аларды тирүү мезгилинде кадырлай албай көзү өтүп кеткенден кийин эл көзүнө мүрзөлөрүнө кымбат баалуу таш тургузуп, аш-той бергендин кереги эмне? Андан көрө тирүүсүндө жылуу жумшак сүйлөп, көңүлүн көтөрүп, белек алып берип, бактылуу карылык тартуулап ак батасын алсак биз дагы кийин уул кызыбыздан ошол сыйды көрөбүз.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммаддан (с.а.в.) бир адам: “Ата-энем экөө удаа чакырып калса кимисине биринчи барышым керек?” – деп сурайт. Анда пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Энеңе, андан кийинчи? Энеңе, андан кийинчи? Энеңе, андан кийинчи деп сураганда атаңа”, — деп жооп кайтарат. Анын сыңарындай энеге жакшылык кылган азамат элге, атасын сыйлаган кыз абийир табат. Чындыгында эненин сүтүн эч качан актай албайбыз. Бизди жарык дүйнөгө алып келгенге чейин 9 ай көтөрүп, канчалаган кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Бул кылган эмгектин жакшылыктарын актоо — ар бир перзенттин милдети.

Урматтуу мекендештер! Бул күнү – кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл буруу гана эмес, турмуштун эң оор сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына моюн сунган ата-апаларыбызга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине жана башка улгайган адамдарга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтуу күнү. Сиздер өлкөнүн келечегине жана гүлдөп өсүшүнө эбегейсиз зор салым кошуп, азыр болсо, бизге алысты көрө билген акыл-насаатыңарды жана кеп-кеңешиңерди айтып келесиздер. Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын тунук акылы, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн баа жеткис сабак.

Урматтуу аталар, апалар жана жалпы биздин сүйүктүү карыяларыбыз! Сиздерге бекем ден соолук, бактылуу карылык жана Жараткан Алла Тааладан эки дүйнөнүн бактысын тилейм. Дайыма төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиздер!

Сиздерди терең урматтоо менен, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.