Балыкчы шаарындагы “Исагалы сабира” атындагы медресесинде “Мамлекет, жаран жана дин” аталыштагы тренинг өтүлдү

Балыкчы шаарындагы “Исагалы сабира” атындагы медресесинде “Мамлекет, жаран жана дин” аталыштагы окуу тренинги өтүлдү.

Ага КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жана дин кызматкерлери, студенттер катышты.

Тренинг учурунда дин аалымдары медресенин турмушу, жамааттын ишмердүүлүгү менен кеңири таанышып, окуп жаткан балдардын билим берүүсү жана андагы шарты боюнча ой-пикирлерин укту.