Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшебаев «Нефти кайра иштетүү» заводунун кызматкерлери менен жолугушту

Чүйдүн Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшебаев Кемин шаарындагы «Нефти кайра иштетүү» заводуна барып, ал жакта эмгектенип жаткан кызматкерлер менен жолугушту.

Жолугушуу алкагында аты аталган заводтун жетекчиси Кенжебек Жаналиев менен да өз ара маек болуп, ал кишинин өтүнүчү менен, ошол жерде эмгектенип жаткан жарандарыбызга ынтымак, биримдик жана жоопкерчилик тууралуу баяндамасын жасады.

Заводдун эрежесине ылайык, ишканага чоочун жарандар кирүүсүнө тыйуу салынганына байланыштуу, баян заводтун кире беришинде болуп өттү.