Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков райондогу имамдарга бир катар тапшырмаларды берди

Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Рот-Фронт айылындагы «Ихсан» мечитинде Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков райондогу имамдар менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын башында алгач имамдар өздөрүнүн отчетторун тапшырып, мечиттерди каттоодон өткөрүүдө келип чыккан тоскоолдуктар жөнүндө айтып беришти. Жыйын алкагында райондогу көйгөйлүү маселелер каралып, баш имам хатиб тарабынан имамдарга төмөнкүдөй тапшырмаларды берилди:

  • Мечиттерде өрт коопсуздугун бир сыйра текшерүүдөн өткөрүү
  • Кыш мезгилине мечиттерди даярдоо
  • Мечиттердин айланасын таза кармоо
  • Райондо диний окуу жайлар болгон себептүү, мечиттердин бардыгында үшүр маселеси боюнча элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Белгилей кетсек, Ысык-Ата районунда жалпысынан 49 имам иш алып барууда.