Кара-Балта шаарындагы Куран-Нуру институтунун 17 студенти «Куран илими боюнча адис» дипломуна ээ болушту

Muftiyat.kg/3.07.2018/ Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Куран-Нуру институтунда студенттердин бүтүрүү кечеси өтүп, дипломдор тапшырылды. Иш чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Асанабил фондунун Сауд Арабиядагы башкы кеңсесинин өкүлү Мухаммад аль Хашими, Куран-Нуру институтунун директору Акимжан ажы Эргешов жана бир катар коноктор катышып, өздөрүнүн каалоо-тилектерин билдиршити.

Иш чара алкагында Азирети Муфтийдин  орун басары студенттерге нускалуу кептерин айтуу менен билимди улантып, башкаларга үйрөтүү эбегейсиз сооптордон экендигин билдирди.

«Билим алуу ийне менен кудук казгандай» деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтышбаса керек. Себеби билим алуу убакытты, мээнетти жана аракетти талап кылгандыктан инсан көп учурун изденүү менен өткөрөт. Ошондуктан сиздер үчүн келечектин эшиги эми гана ачылып атат. Келечегиңер кен, жолуңар байсалдуу болсун,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Студенттердин бүтүрүү кечесинин алкагында Куран-Нуру институтунан 17 Куранды жат билген каары «Куран жаттаган каары жана Куран илими боюнча адис» дипломдоруна ээ болушса 3 студент «ижаза» алышты.