Азирети Муфтийдин орун басары Талас облусунан ажылык сапарга аттанган жарандар менен жеринде жолугушту

Болочок ажыларга сабак
Болочок ажыларга сабак

Muftiyat.kg/2.07.2018/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Талас облусунан ажылык сапарына аттан жарандар менен жеринде жолугушуп, ажылыктын шарияттагы орду, ажылык сапарды туура аткаруу, сабырдуулук жана эл ичиндеги биримдик боюнча сабак өттү. Болочок ажылар менен болгон жолугушууда Азирети Муфтийдин орун басары ажылык сапар учурунда Сауд Араб Падышачылыгынын мыйзамдарына баш ийип, САПтын ажылык министрлигинин талаптарын толугу менен аткаруу керектигин түшүндүрдү. Муну менен катар Жоробай ажы Шергазыев ажылык сапардагы коопсуздук маселеси туурасында маалымат берип, быйылкы жылы кыргызстандык ажылардын коопсуздугу үчүн атайын программа иштелип чыккандыгын жана ал ажы адашып кеткен учурда онлайн карта аркылуу жардамын бере тургандыгын билдирди.

Болочок ажыларга өткөрүлгөн жыйынга Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, облус казысынын орун басары Медер ажы Сагынбаев жана  ажы башчылар катышты.