Баткен шаарындагы борбордук “Нумани” мечити оңдолууда

Баткен шаарынын борбордук мечити
Баткен шаарынын борбордук мечити

Muftiyat.kg/2.07.2018/ Баткен шаардык хатибиятынын демилгеси, жеке ишкерлердин колдоосу менен ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда ашар жолу менен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун айтымында мечиттин ичи толгу менен цементтелип, кышка даярдык катары жылуулук жана мечитке заманбап килем салуу иштери да жакынкы күндөрү ишке ашмакчы.