Медреседе окуган жаштарга кесип үйрөткөн сабактар көбөйүүдө

Muftiyat.kg/1.07.2018/ “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” деп аталган атайын долбоордун алкагында, Кыргызстандын жети областынын аймагындагы тандалып алынган медреселерге атайын жабдуулар таркатылып берилди. Бул тууралуу «АВЕП» (Айыл жергесиндеги  жаштарды кесипке үйрөтүү) коомдук фондусунан кабарлашты. Долбоордун алкагында диний окуу жайларда билим алган жаштарга кесип үйрөнүү үчүн сатылып алынган шаймандар менен жабдуулардын бардыгы АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бөлгөн гранттык каражатка алынган. Үч жыл мурда айрым гана облустарда ишке аша баштаган бул долбоор, 2018-жылдан тарта Кыргызстандын бардык облустарында улантыла баштады. Долбоордун алкагында азыр “Ашпозчу-кондитер”, “Компьютер колдонуучу”, “Бал челекчи”, “Ширетүүчү”, “Электрик” жана “Тигүүчү” сыяктуу кесиптер республика боюнча жалпы 17 медреседе кесип катары октулуп, үйрөтүлүүдө. Буга кошумча ушул эле медреселерде 2 айлык англис тили курсу уюштурулду.

 

Долбоор учурдагы актуалдуу проблемаларды өзүнө камтып, медреселер жана ушул тармактагы тийиштүү уюмдар менен биргелишип иштешүүдө. Ар бир облустан медреселер тандалып алынды жана тандоодо Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы активдүү катышты. Бул жылы жалпысынан 10 медресеге 3 млн 347 миң 760 сомго жабдуулар алынып берилди. Буюрса алар 1,5 – 2 айдын аралыгында мыкты кесип үйрөнүп чыгышат. Кесипке үйрөтө турган атайын окуу китептерин биздин эксперттер кылдат иликтеп, даяр окуу куралы катары иштеп чыгышкан. Алардын бардыгы АКШ элчилиги сатып берген шайман, жабдуулар менен бирге, кесип үйрөтүү курстарын окуй баштаган медреселерге таркатылып берилди. Кесип үйрөтүүдө мурдагы жылдардын жыйынтыгын алып карасак абдан жакшы натыйжаларды берип жатат. Атайын окуу курсун бүтүргөн жаштардын 70% жумуш менен камсыз болду. Кесип үйрөнгөн жаштар да, алардын ата-энеси да, жумуш берген фирмалар менен ишкерлер дагы ыраазы болуп жатышат, — деп белгилейт “АВЕП” коомдук фондунун директору Нурлан Токонов.

Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып, “АВЕП” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Түндүк аймактагы медреселерге жалпысынан —  1 млн 975 миң 455 сомго жабдуулар алынып берилди. Алардын алкагында жаштарга «Ашпозчу-кондитер», «Тигүүчү», «Бал челекчи» кесиптерине окутуу жүрүп жатат.

 

Медреселер төмөнкүлөр:
Нарын ш. «Нарын»;
Балыкчы ш. «Исагали Сабира»;
Талас ш. «Чет тилдер кыздар»;
Чүй облусу
Кой-Таш айылы, «Аль Фарух»;
Чон-Таш айылы, «Мааткабыл уулу Шаршенбай»;
Токмок шаары, «Амина ажы».

Түштүк аймакта жайгашкан облустарга – 1 млн 372 миң 305 сомго жабдуулар алынып берилди. Аларда «Компьютерде иштей турган адис», «Эмерек жасоочу», «Ашпозчу-кондитер», «Тигүүчү» кесиптерин үйрөнүшүүдө.

 

Медреселер:

Баткен шаары,  «Муаз Ибн Жабаль»;
Жалалабад  шаары, «Аз Захра»;
Ош шаары «Козу кызы Бурмакан»;
Мырзаке айылы «Абдраим кары».