Майлуу-Суу шаарындагы Сары – Бээ аймактык башкармалыгында № 3 орто мектептин окуучулары менен жолугушуу уюштурулду

Кечээ, 1-октябрь күнү Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарындагы Сары– Бээ аймактык башкармалыгында № 3 орто мектептин жогорку класттын окуучулары менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууну Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Эркинбеков Абсатар ажы уюштуруп, “Ата-Энени сыйлоо” , “Билим алуунун пазилети” , “Адал жана арам иштер” атту темалар алкагында лекция окуду.

Лекциянын жүрүшүндө окуучуларга ата-энени сыйлоонун пайдалары жана аларга кызмат кылуунун соопту экендигин, билимдин пайдасы жана билимдүү менен билимсиздин айырмачылыктары, адал иштерди көп жасоо жана арамдын кесепетин түшүндүрүп берди. Жолугушуу учурунда окуучулар баш имам хатибке кызыккан суроолорун берип, жооп алып лекция кызыктуу деңгээлде өттү.