Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев иш сапары менен “Чет тилдер” медресесине барды

Бүгүн, 2-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас шаарында жайгашкан «Чет тилдер» медресесинин студентери жана алардын ата-энелери менен жолугушту.

Жолугушууда облус казысы студенттерди ата-энеге урмат сый көрсөтүп, алардын батасын алып жүрүүгө чакырды.

“Ата-энени көзү тирүүсүндө жылуу жумшак сүйлөп, көңүлүн көтөрүп, белек алып берип, бактылуу карылык тартуулап, ак батасын алсак биз дагы кийин уул кызыбыздан ошол сыйды көрөбүз. Андыктан ата-энеңиздерге жылуу мамиле кылыңыздар”,-деди Таалайбек ажы Бапиев.

Иш-чара суроо жооп менен уланып, студентер жана ата-энелер өздөрүнүн түшүнбөгөн суроолорун облус казысына беришип, ыраазычылыктарын билдиришти.