Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Манас районунун имам хатибин кабыл алып, тийишттүү тапшырмаларды берди

Кечээ, 1-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Манас районунун баш имам хатиби Миржалал Дадабаевди кабыл алды. Жолугушууда баш имам хатибдин аткарып жаткан ишинин жыйынтыгы менен таанышты.

Облус казысы Таалайбек ажы Бапиев имам хатибди ар дайым эл менен тыгыз иштөөгө чакырып, имамдардын диний билим деңгээлин жогоралтуу, мечиттердин тазалыгыны сактоо жана элди адептүүлүккө чакырган баяндарды байма-бай өткөрүүнү тапшырды.