Манас районун баш имам хатиби Миржалал Дадабаев аксакалдарды карыялар күнү менен куттуктады

Таластын Манас районун баш имам хатиби Миржалал Дадабаев Талас районунун Үч-Коргон айылынын аксакалдары менен жолугушуп, 1-октябрь эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Миржалал ажы карыялардын жашоо шарты менен жакындан таанышып, карыяларга ак батасын берди. Анда аксакалдарга бакубат жашоо, бекем ден соолук каалады.

“Карынын сөзүн капка сал» дегендей жаштар ар дайым иш кылаарда карылардан батасына, кеңешине муктаж. Ошондуктан урматтуу аталар, агалар кайсыл жерде болсоңуздар да ар дайым элди ынтымакка, биримдикке чакырган насаатыңыздарды айта жүрсөңүздөр”,-деди ал.