Баткенде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 1-октябрь күнү Баткен облусунун казыятынын жыйындар залында малекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата окуу семинары болуп өттү.

Семинарга Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Ч.Юсупов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын кызматкери З.Максутов, БатМУнун окуу иштери боюнча проректору Ш.Шеров, облус аймагынан тажик, өзбек улутунун диаспораларынан жалпы 30 дан ашуун дин кызматкери катышты.

Иш-чара учурунда адистер азыркы учурдагы кыргыз тилинин ал абалына токтолуп, аны жайылтууда жана өнүктүрүүдө өз сунуштарын ортого салышты.

Жыйындын соңунда казыят менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы кыргыз тилин кадыр-баркын арттырууда биргелешип иш алып барышмай болушту.