Кара-Буура районунун баш имам хатибинин орун басары Ислам Куматаев окуучуларды адептүүлүкө чакырды

Талас облусунун Кара-Буура районунун баш имам хатибинин орун басары Ислам Куматаев Чоң Кара-Буура айылындагы Мамат Акынбеков орто мектебинин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуп, аларды адептүүлүкө чакырган баяндамасын жасада.

“Улууларга урмат, кичүүлөргө ызат кылуу, алсыздарга ырайым этүү Ислам дининин талабы. Алла Таала ата-энеге «уф-ф!» деп да айтууга уруксат бербейт. Чыныгы мусулман боорукер, ырайымдуу болушу керек. Башкаларга үлгү болуусу зарыл”,- деди Ислам Куматаев.

Мектеп мугалимдери мындай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турса окуучулардын жүрүм турумуна, тарбиясына жакшы таасир берээрин билдирип, дин кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.