Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпиров окуучуларга адеп-ахлак туурасында баяндамасын жасады

Бүгүн, 3-октябрда Талас шаарынын №8 орто мектебинин окуучуларына адеп-ахлак, ыйман  туурасында түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.

Бул иш-чарага Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпиров жана казыят кызматкерлери Касым ажы Сыдыков, Медер ажы Сагынбаев жана мектеп мугалимдери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ислам — тынчтыктын, адеп-ахлактын дини экенин, окуучуларды канчалык билимге ээ болсо келечеги дагы кең болоору баса белгиленди.

“Динибиз эл менен жылуу мамиледе болууну, чынчылдыкты, адилеттүүлүктү туу тутуу зарылчылыгын, бирөөнүн укугун тепсебөөгө, адамдын ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсүнүн айкалышып турушуна, ар бир ишти адал эмгек менен бүтүрүүнү талап кылат. Андыктан окуучулар ушул сапатты канчалык бийик кармаса, жашоосу дагы жаркын болот»,- деди баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпиров.