Кызыл-Кыя шаарында экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 2-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаадагы 400гө жакын орто мектептердин 10-11-классынын окуучуларына экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, аны болтурбоо аталыштагы жыйын болду.

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер тарабынан уюштурулган жыйынга шаардын вице мэри А.Маткалыков, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги Жаныбек Исаев жана шаардык казыяттын имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов жана башка күч органдары катышты.

Иш-чарада адистер окуучуларга өлкөбүздүн коопсуздугун, бүтүндүгүн сактоо жана диний экстремисттик мүчөлөрдүн иш-аракеттеринин алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин  жүргүздү.