Чүй облусундагы диний окуу жайларда студенттердин патриоттук сезимин ойготуу максатында ачык сабак жана лекциялар өткөрүлдү

Чүй облусундагы диний окуу жайларында жетекчилери жана мугалимдери тарабынан, студенттердин патриоттук сезимдерин ойготуу, калыптандыруу, элдин биримдигин бекемдөө, бөлүнүп жарылуудан алыс болуу жана ынтымакка чакыруу максатында класстык сааттар, ачык сабактар жана лекциялар өткөрүлдү.

Класстык сааттардын, ачык сабак жана лекциялардын темалары: «Мекенди сүйүү ыймандан», «Элдин биримдигин бекемдөө», «Элди бөлгөндөргө алданбоо», «Бири-бирин сыйлоо», «Бир туугандык мамиле», «Өз мамлекетти жаныңдан жогору тутуу».

Эске сала кетсек Чүй облусу боюнча 3 Ислам Институту жана 29 медресе бар. Аларда орто эсеп менен 1550 студент балдар жана 321 студент кыздар таалим-тарбия алып келишет.