Бишкек шаарындагы «Латифа» мечити толугу менен мамлекеттик каттоодон өттү

Бүгүн, 3-октябрда Бишкек казыятынын алдындагы «Калыс-Ордо» жаңы конушундагы  «Латифа» мечити толугу менен мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, тиешелүү документтер мечит имамына тапшырылды. Бул тууралуу аталган мечиттин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиев билдирди.

«Биздин жаңы конуштагы турак жайлардын документ иштерин иретке келтирүү кыйынчылыкты жаратууда. Биз алгач мечиттин уруксат кагаздарын бардык мамлекеттик органдардан алып, эң акырында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына тапшырдык. Алардын талаптарына ылайык, бүгүн каттоо тууралуу күбөлүк колубузга тийди. Жалпы көмөк көрсөткөн инсандарга терең ыраазычылык билдирем»,-деди ал.

Эске кетсек, КРнын Коргоо Кеңешинин 2014-жылдагы чечимин ишке ашыруу максатында, бул жылы Бишкек шаардык казыятына караштуу 3 мечитттин документтери толугу менен каттоого даярдалууда.