Талас шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылды

Бүгүн, 3-октябрда Талас шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Деннарис» реабилитациялык борбору ачылды.

Ачылыш салтанатына “Талас жардам” уюмунун жетекчиси Жылдыз Талгат кызы, Талас облусунун казыятынын орун басары Медер ажы Сагынбаев жана Талас шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, жергиликтүү депутаттар, шаар тургундары катышты.

Аталган уюмдун жетекчиси Жылдыз Талгат кызынын айтымында, борборго Талас аймагындагы тубаса шал болуп төрөлгөн жеткинчектер, нерв оорусу менен жабыр тарткан өспүрүмдөр келип дарыланышмакчы.

Эскерте кетсек, борбор “Талас жардам” уюму жана демөөрчүлөрдүн, элдин жардамы менен ачылган.