Сузактын Кара–Дарыя айылында “Айылды өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз” аттуу темада окуучулар үчүн жолугушуу уюштурулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округунун, Кара – Дарыя айылында  Китепкөй айыл”, “Айылды өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз аттуу темада мектеп окуучулар менен айыл округ имамы ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууну Айыл округ имамы Шекербек Сатаров ажы А.Абдукаимов мектеп жетекчилиги менен биргеликте уюштуруп өткөрдү. Жолугушуунун максаты жаштарды китеп окууга кызыктырып, окуучулар арасында китеп окууну көбөйтүп жандандыруу, мектеп окуучуларын патриоттулука үндөп мекенди, үй-бүлөнү сүйүүгө чакыруу болуп эсептелет.

“Келечек жаштардын колунда, андыктан билим алуу үчүн китеп окууга шыктандырып келечекте илимдүү-билимдүү инсан болуп чыгып элибизге, жерибизге кызмат кылган уул кыздар болуп чыгуусуна салым кошолу. Мектеп окуучулар менен жолугушуу башка жолугушуулардан өзгөчөлөнүп атайын сырттагы спорт аянтчасында өткөрүлдү”,-деди Шекербек Сатаров.