Талас облусунун казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков  «Али ибн Аби Толиб» Ислам медресесинин студенттери менен жолугушту

Талас облусунун казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков  «Али ибн Аби Толиб» Ислам медресесинин студенттерине Ислам акыйыдасы боюнча сабак өттү.

Студенттер менен жолугушуу учурунда Касым ажы Сыдыков  аларды илим алуунун зарылдыгына токтолуп, Кыргызстан мусулмандары Ханафий мазхабын жана Матуридий акыйдасын карманаарын баса белгиледи.

Ошондой эле Абу Мансур аль-Матуридинин өмүрү таржымалын, жашап өткөн жолун, такыбачылыгын баяндап берип, студенттердин суроолоруна жооп берди.