Бишкекте «Раяна» аялдар үчүн окуу борбору ишке берилди

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаардык казыятынын алдындагы «Раяна» аялдар үчүн окуу борбору ишке берилди. Бул жерде 7 жаштан 70 жашка чейинки аялдар Ханафи мазхабынын негизинде диний сабаттуулугун жогорулата алышмакчы.

Бул тууралуу Бишкек казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Расулбек Сариев: «Чындыгында аял кишилер үчүн диний билим алуу үчүн орун издегендер көп. Бишкек шаардык казыяты аз болсо да муктаждыкты жоюу максатында жаңы окуу борбор ачып, ишин баштадык. Бул жерде бардык сабактар Ханафи мазхабы жана Матуруди акыйдасынын негизинде жүргүзүлөт», -деди ал.