Кадамжайда “Терроризмге карышыбыз” урааны астында жөө жүрүшкө чыгышты

Баткен облусунун Кадамжай шаарында Сапат лицейи, А.Масалиев жана Б.Айтматов атындагы орто мектептердин 9-10-11-класстардын окуучулары “Терроризмге каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш жасашты.

Андан соң Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын жыйындар залында чогулушту. Ал жерден ИИМнин ЭММКАКнын ага ыкчам өкүлү М.Карабаев,  Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы О.Кочкоров, Кадамжай районунун имам хатиби А.Хамираев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуучулар жана мугалимдердин катышуусунда жыйын өттү.

Адистер жыйындын катышуучуларына терроризмдин жана экстремизмдин алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле бүгүнкү күндө тыюу салынган туура эмес агымдарга жаш өспүрүмдөрдүн азгырылуусуна бөгөт коюу максатында түшүндүрмөлөрдү беришти. Жыйындын жүрүшүндө мектеп окуучулар тарабынан суроолор берилип, өз жоопторун алышты.