Баткен райондук хатибияты тогуз айдын  жыйынтыгын чыгарды

Кечээ, 3-октябрда Баткен районунун борбордук «Абу Бакр» мечитинде райондун имамдарына жыйын болуп, тогуз айда аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Жыйын учурунда Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов имамдардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, “жакшы” деген баасын берди.

Ошондой эле имамдарга кышка даярдык көрүү, отчетторду убагында тапшыруу, эл менен тыгыз байланышта болууну, аткарыла элек иштерди жыл аягына чейин бүтүрүүнү милдеттендирди.