Ак-Босогодо «Аммар бин Ясир» мечитинин жамааты айлана-чөйрөнү тазалашты

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаардык казыятына караштуу Ак-Босого жаңы конушунун «Аммар бин Ясир» мечитинин имам хатиби Мухамадин ажы Разыковдун демилгеси менен айлана-чөйрөнү тазалоо иш чарасы болуп өттү.

Жалпы жамааттын башын бириктирип, жакындан тааныштыруу жана айлана чөйрөнү таза кармоо максатында уюштурулган бул иш-чарага мечиттин жамааты активдүү катышып беришти.

«Бул жерде биздин максат жамаатты аз да болсо жакындаштыруу, чогуу иш аракеттерди жасоо менен бири-бирине бир туугандык мамилени ойготуу болуп саналат. Бардык катышкан жамаатка ыраазычылыгымды билдирем»,- деди Махамадин ажы.