Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев иш сапары менен Бакай-Ата районунда болду

Бүгүн, 4-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев иш сапары менен Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында болуп, имамдарга жыйын өткөрдү.

Имамдар менен болгон жолугушууда облус казысы кээ бир учурларда имамдар өз милдетин так аткарбай жаткандыгын белгилеп, элге жакын болууга чакырды.

«Ар дайым айыл жашоочуларына дин жаатында толук маалымат берилиши керек. Азыркы азыркы учурда Интернеттен ар кандай туура эмес маалыматтар таркатылып жатат. Андан оолак болуп, элибиздин диний сабаттуулугун арттырууда Ханафий мазхабы тууралуу малыматты жеткиришибиз зарыл»,-деди Таалайбек ажы.