Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырды

Бүгүн, 4-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев ажы Маргун айылынын эли менен жолугушту.

Жолугушууда эл көзүнө деп той-топурларда ашыкчы ысырапкерчилике жол берип, өзүн да башкаларды да түйшүкө салганын көрүнүштү айтып, айыл элин сарамжалдуулука, ашыкча чыгымдардан арылууга чакырды.

Андан соң Бешкент, Маргун жана Жаңы Жер айыл өкмөттөрүнүн имамдарына жыйын өткөрүп, анда Матрудий акыйдасы Ханафий мазхабы элге жайылтууда иштерин колго алууну милдеттендирди.