«Жанбото Ата» мечитинин жамааты рак илдети менен катуу ооруган апага кайрымдуулук жардамын көрсөттү

Бишкек шаардык казыятына караштуу «Жанбото Ата» мечитинин имам хатиби Камилжан ажы Муратовдун демилгеси менен бир нече айдан бери уюштурулуп келе жаткан кайрымдуулук иш-чарасы бул жума да улантылды.

Бул жолу Бишкек шаарында Алла Тааланын сыноосу менен рак илдетине чалдыккан оорукчан апага 5 000 сом акчалай жардам берилди.

«Жамаатыбыздан соопчулук үчүн деп катуу оорууга чалдыккан эжекебизге аз да болсо жардам болсун деп 5 000 сомдук жардам бердик. Дайым эле айтып келе жатабыз: Жардам берүүдө биздин максат-толук муктаждыгын чечип берүү эмес, колубуздан келишинче аз да болсо салым кошуу, башкаларды да муктаждарга жардам берүүгө чакыруу болуп саналат. Жардам берген кишилер ар дайымкыдай купуя бойдон гана кала бермекчи»,-деди Камилжан ажы.