Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин катышуусунда Ош облустук казыятынын заманбап жаңы имараты ишке берилди (фотобаян)

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош облусунун мусулмандар казыятынын идарасынын расмий ачылыш салтанатына катышты.

Иш-чарага КР ЖК депутаттары Аалы Карашев жана Аида Касмалиева, КР ДИМК директору Эргешов Зайырбек, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, облус казылары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, андан соң келген коноктор өздөрүнүн куттуктоолорун айтышты. Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев облустук казыяттардын коомдогу ордун белгилеп, Муфтият облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга ыраазычылыгын билдирди.

«Казыяттар эл жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барып, жаштарды туура жолго баштоочу жай. Аймактагы казыяттарга мусулмандар ар кыл маселе менен кайрылышат. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы аймактардагы казыяттардын материалдык жана техникалык базаларын бекемдеп, алар үчүн бардык шарттарды түзүп берүү аракетин көрүп келет »,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий мечиттер ынтымак менен биримдикти бекемдеген ыйык жай экендигин баса белгилеп, мечитке кирген жаран мечиттен чыкканда өзгөрүп чыгуусу керек экендигин билдирди.

«Мечит-бул Алланын үйү. Ошондуктан мечит жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, боорукерликке, кайрымдуулукка жана ата-энени урматтоого чакырат. Оңолууну ар кимибиз өзүбүздөн баштап, ыймандуу коомду бирге түзөлү»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич эл менен биргеликте иш алып барууда казыяттар өздөрүнүн көмөгүн көрсөтүп жаткандыгын билдирип, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаевге «Ардак грамота»  жана белек-бечкегин тапшырды.
Иш-чаранын соңунда келген коноктор белектерин тапшырышып, Ош облустук казыятынын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалышты.
Эскерте кетсек, Ош облустук казыятынын идарасынын курулушу 2015-жылдын октябрь айында башталган. Казыяттын курулушуна Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана жеке ишкерлер колдоо көрсөтүшкөн.