Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев: Хатибиятыбыз дайыма аксакалдарыбыз менен тыгыз иш алып барат

Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев  Ак-Таш айылынын аксакалдары менен жолугушту.  Жолугушууда Миржалал ажы Дадабаев  аксакалдардын коомдун тынчтыгын, ынтымагын бекемдөө орду чоң экендигин баса белгилеп, жаштарга ар дайым насаат айтып турууга чакырды.

«Кадырман аталар, ардактуу биздин аксакалын жайкалткан карыяларыбыз! Элибиздин ынтымагын бекемдөөдө нускалуу кептериңиздер, турмуштагы тажрыйбаңыздар маанилүү. Андыктан кайсыл жерде болбоңуздар дайыма акыл-насаатыңыздарды айтып, элди ынтымакка, биримдикке жана жаштарыбызды туура жолго салууда кеңешиңиздерди айтып туруңуздар»,-деди баш имам хатиб.

Муну менен катар баш имам хатиб райондук хатибият менен иштөөдө аксакалдардын ишин баалап, ыраазычылыгын билдирди.

«Хатибиятыбыз дайыма аксакалдарыбыз менен тыгыз иш алып барат. Жараткан Алла Таалам насип кылса мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин ынтымагы үчүн ишибизди мындан ары дагы уланта беребиз»,-дейт Миржалал ажы Дадабаев .