Кара-Көл шаарынын борбордук жаңы мечити ишке берилди (фото)

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жаңы курулган борбордук мечитинин ачылышы болуп өттү. Ачылышка КМДБнын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, областтык казыяттын өкүлү Бактыбек ажы Тунгатаров, мэр И.М.Еркеев, шаардын баш имам хатиби Керезбаев Бектен ажы, демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ачылыш аземинде шаардын имамы мечит тууралуу маалымат берип, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди. Негизги демөөрчүлөр Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы, Сауд Араб Падышачылыгынын жараны Али Ассугайыр бул мечитти ата-энесине арнап курганын айтып, мечитке ибадат кылгандарды анын ата-энесине дуба кылып турушун калың элге кайрылды.

Эскерте кетсек, мурдагы мечит 275 орундуу болуп, жума намазында көпчүлүк эл сыртта калышчу. Жаңы курулган мечит 1500 орундуу болуп, 2 кабаттан турат. Мындан сырткары келечекте медресе боло турган жайы бар. Мечиттин курулушуна каражаттын 70% ын араб өлкөлөрүнөн келген демөөрчүлөр каржылап, 30% ын жергиликтүү калк чогулткан.