Чоң Кара-Буура айылынын имамы  Ислам Куматаев айыл тургундарына тазалыктын мааниси жана анын түрлөрү тууралуу баяндамасын жасады

Талас облусунун Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылынын имамы  Ислам Куматаев  айыл тургундары менен жолугушуп,  анда тазалыктын мааниси жана анын түрлөрү тууралуу баяндамасын жасады.

«Ислам дининин эң иридеги максаттарынын бири – бул адам баласынын ички жана сырткы дүйнөсүн тазалоо. Ислам дининде «тазалык» өзгөчө мааниге ээ. Ички дүйнөнүн да, сырткы дүйнөнүн да тазалыгы жөнүндө Куранда жана Пайгамбарыбыздын куттуу хадистеринде кенен-кесири айтылган. Мусулман баласынын эң маанилүү милдеттеринен болуп эсептелген ибадаттарды аткаруу үчүн руханий тазалык менен бирге материалдык тазалык да талап кылынган»,-деди Ислам Куматаев. 

Азирети Мухаммад саллаллааху алейхи ва саллам да тазалыкка өзгөчө маани берип, өтө кылдат мамиле жасаган. Ал куттуу хадистеринин биринде: «Тазалык – ыймандын жарымы» жаназа  «Алла таза, аруу! Ал тазалыкты сүйөт»- деп, айыл тургундарын өздөрү жашап жаткан айланасын да таза кармоого чакырды.