«Туңгуч» мечитинин имам хатиби Абдуманап каары Масалиевдин демилгеси менен мечиттин айланасы иретке келтирилди

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарынын казыятына караштуу «Туңгуч» мечитинин имам хатиби Абдуманап каары Масалиевдин демилгеси менен мечиттин айланасын тазалап, иреттөө иштери жүргүзүлдү.

Мындай иш-чараны уюштурууда имам хатиб өзү катышып баштап берди. Анын айтымында, мечиттер-бул аллахтын үйлөрү. Канчалык таза болсо дубалардын кабыл болушу да ошончолук жогору болот.

«Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) айткан- Тазалык-ыймандын жарымы. Дуалардын, ибадаттардын кабыл болуусуна өбөлгө-деп. Ошондуктан ар дайым  тазалык менен достошолу»- деди Абдуманап каары.