«7-апрель шейиттери» мечитинин жардамчы имамы жамаатты сарамжалдуулукка чакырды

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаардык казыятына караштуу «7-апрель шейиттери» мечитинин жардамчы имамы Таштемир ажы Эшматов  жалпы мечитке келген жамаатты сарамжалдуулук жана үнөмдүүлүккө чакырып, өз баяндамасын жасады.

Анын айтымында, мечитте ибадат кылуу үчүн керектүү бардык шарттар түзүлгөн. Биринчилерден болуп ар бир даарат алган кишиге атайын жүзүн сүртө турган жана буттарды жуугандан кийин аарчый турган сүлгүлөр коюлган.

«Мечитке келген ар бир мусулманга керектүү шарттарды түзгөнгө аракет жасап жатабыз. Негизинен бардык шарттар бар. Биринчилерден болуп мечитке жүздү жана бутту аарчый турган сүлгүлөрдү койдук. Жалпы жамаатты сарамжалдуу колдонууга чакырып кетем»- деди Таштемир ажы.