Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов диний окуу жайларынын мүдүрлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов Бишкек шаарындагы диний окуу жайларынын мүдүрлөрү менен жолугушуп, аларга бир нече тапшырмаларды берди.

Жолугушууда медреселер келечектеги мусулмандардын күзгүлөрүн даярдап жатышат. Ошондуктан биргелешип иш алып баруу керек. Айрыкча медреселердеги кийим шариятка ылайыктуу болушун жана окуу программасы КМДБ тарабынан түзүлгөн бирдиктүү программага ылайыкталышын жана окуу жайлардын бири-бири менен тыгыз иш алып баруусун камсыздоо тапшырмалары берилди.

«Медреселерде ар дайым мусулмандар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө чакырган сабактар көп болуш керек. Медреселер арасында карым-катнаш, кызматташуусу дагы тынымсыз жүргүзүлүшү керек,»- деди Садридин ажы.