«7-апрель шейиттери» мечитинде Бишкектеги мечит имамдарынын жалпы жыйыны болуп өттү

Кечээ, 6-октябрда Бишкек шаардык казыятына караштуу «7-апрель шейиттери» мечитинде шаардагы мечит имамдарынын жалпы жыйыны болуп өттү. Жыйынга Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов катышып, ой пикирлери менен бөлүштү.

Анын айтымында, имамчылык өтө чоң жана жоопкерчиликтүү иш. Бирок сабырдуулук менен аракет кыла турган болсо ийгилигин Аллах Таала берет.

«Биз ар дайым жыйыныбызды Куран Хатим менен баштайбыз. Ар бир имам чогулуштан бир саат мурда келип, Курани Каримден 20 барак окуйт. Толук Куран окулгандан кийин Хатмы куранды ошол жердеги мечит кызматкерлеринин өтүп кеткен жакындарына, имамдардын жакындарына багыштап жана тирүүлөрдүн тынчтык амандыгы үчүн тилеп дуа кылабыз»,-деди Садридин ажы.