Баткен казыяты жетим балдарга 75000 сомдук кайрымдуулук жардам көрсөттү

Бүгүн, 7-октябрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен облусу боюнча 25 жетим балага кезектеги кайрымдуулук жардамын көрсөттү.

Облус казысы ар бир балага 3000 сом акчалай жардам берип, анын жалпы суммасы 75000 сомду түздү.

“Жетимдин чачынан сылап коюунун өзү эле эсепсиз сооп, сыйлыкка татыктуу иш. Ал эмес жетимдин кепилдигине алып, жардам берген адам өзү менен сөөмөй менен ортондой жакын болорун да пайгамбарыбыз айтып өткөн”,-деди Пазыл ажы Султанмуратов.