«Аммар бин Ясир» мечитинин жамааты 7 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаардык казыятына караштуу «Аммар бин Ясир» мечитинин жамааты кезектеги кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Бул ирет мечиттин айланасындагы жардамга муктаж 7 үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүк  жардам катары ар бирине берилди.

«Ак Босого жаңы конушунда ар кандай сыноолор менен кыйынчылыкта жашап келе жаткан 7 үй-бүлөгө жардам берип келе жатабыз. Мечитибиздин  атын атагысы келбеген кайрымдуу кишилери ар дайым жардам беришет. Башка мусулмандарды да ушундай кайрымдуу иштерди жасоого чакырып кетем»,- деди аталган мечиттин имам хатиби Махамадин ажы Разыков.

Мындай кайрымдуулук иштери Махамадин ажынын демилгеси менен бир нече жылдардан бери уюштурулуп келе жатат.