«Айша» мечитинде жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 40 үй-бүлөөгө 80 000 сомдук азык-түлүк таркатылды

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаардык казыятына караштуу «Айша» мечитинде жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Октябрь районундагы 40 үй-бүлөөгө 80 000 сомдук азык-түлүк таркатылды. Бул тууралуу мечиттин имам хатиби Мансурхан ажы Нарматов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага жергиликтүү аймактык башкаруу кызматкерлери да чакыртылган.

«Жамаатыбыздагы сооп издеген кайрымдуу инсандарыбыздын колдоосу менен мечиттин аймагындагы аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө 2 000 сомдон азык-түлүк жардам бердик. Коомубузда жардамга муктаж кишилер эмес, жардам берүүчү момундар арта берсин. Анткени хадистин маанисинде келгендей алган колдон берген кол ар дайым үстүн болот»,-деди Мансурхан ажы.